KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

04 марта 2023

Бүгүн, 2023 – жылдын 4-мартында мамлекеттик резиденцияда Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө-кесиптик майрамга арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өттү.


Иш-чарага Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Шералы Камчыбеков жана анын орун басары Аида Сейдакматова, ошондой эле сот иштери боюнча кеңештин мүчөлөрү Нургуль Асанова жана Эльмира Барыктабасова, Сот департаментинин директору Медербек Сатыев, департаменттин жана соттордун аппараттарынын кызматкерлери, сот системасынын ардагерлери, Кыргыз Республикасынын Мамлекет башчысынын жана Министрлер Кабинетинин администрациясынын өкүлдөрү катышышты.


Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Экономикалык оор кырдаалга карабастан акыркы эки жылда жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында көрүнүктүү натыйжаларга жетишилгенин, судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысын олуттуу жогорулатуу, жергиликтүү соттордун судьяларын масштабдуу ротациялоо, ротацияланган судьялар үчүн кызматтык турак жай куруу, Каракол шаарында Сот адилеттигинин үйүн ачуу белгиледи.


Жакынкы арада сот аткаруучулары жана сот приставдары үчүн кызматтык автоунаалар маселеси чечилет, ошондой эле Жалал-Абад шаарында Сот адилеттигинин экинчи үйү ачылат деп маалымдалды.


Мамлекет башчысы судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууну, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан себептерди табуу жана жоюу боюнча талдоо жүргүзүүнү тапшырды.


Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Жунушпаев сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттукташты.


Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар судьялар жана соттордун аппарат кызматкерлери мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.