KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин төрагасы өлкө айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

07 марта 2023

Урматтуу асылзат айымдар!


Сиздерди жаздын эң кооз жана жаркын майрамы — 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жаратылыш аялдарга теңдешсиз сулуулукту жана көөнөргүс энергияны, назиктикти жана жан аябас берилгендикти, турмуштук акылмандыкты жана укмуштуудай чыдамкайлыкты тартуулаганы таласшсыз.


Сиздер коломтонун отун өчүрбөй, үй-бүлө очогун сактап, балдарды тарбиялап, кесиптик жана коомдук иштерде ийгиликтерге жетип, ошол эле учурда өзүнүздөрдү ар дайым жаш жана сулуу бойдон алып жүрөсүздөр.


Жаздын ушул күнү сиздердин жамалыңыздардан күлкү, ууртуңуздардан жылмаюу жана майрамдык маанай кетпесин,сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубатчылык каалайм!


Урматтоо менен,


Кыргыз Республикасынын


Сот адилеттиги иштери боюнча


кеңешинин төрагасы


Шералы Камчыбеков