KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

05 марта 2023

Урматтуу судьялар, сот тутумунун кызматкерлери жана ардагерлери!


Сиздерди Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!


Бул өз эмгеги менен укуктун үстөмдүгүнүн принциптерин бекитүүгө көмөктөшүп, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын ишенимдүү коргоону камсыз кылган инсандардын майрамы.


Кыргыз Республикасында сот бийлигинин кадыр-баркын чыңдоо көпчүлүк учурда анын ар бир өкүлү өз милдеттерин канчалык так жана ак ниеттүүлүк менен аткара билгендигине көз каранды. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана коом алдындагы жоопкерчилигиңиздер мекендештерибиздин конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга өбөлгө түзөрүн унутпашыңыздар керек.


Урматтуу кесиптештер!


Ушул жаркын майрамда Сиздерге жана жакындарыңызга чың ден-соолук, бакыт-таалай, тынчтык жана бейпилдик каалайм!


Ишиңиздерди ийгиликтер жана профессионалдык жетишкендиктер коштосун!


 


Урматтоо менен,


Кыргыз Республикасынын


Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин төрагасы


Шералы Камчыбеков