Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди өлкөнүн башкы улуттук майрамы – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!
1991-жылдын 31-августунда элибиздин жашоосунда тарыхый окуя болду — Кыргызстан өзүн эгемендүү жана көз карандысыз мамлекет деп жарыялады. Республиканын өнүгүшүнүн 32 жылы Кыргызстандын соңку тарыхында сапаттуу, жаңы жана көз карандысыз мамлекетти куруу жылдары катары жазылган.
Республикада жүргүзүлүп жаткан реформалар өлкөнү андан ары өнүктүрүү үчүн зарыл пайдубалды түптөдү.
Бүгүн биз Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгын белгилеп жатып, сабырдуулугубуз, акылмандыгыбыз, өз мекенибизге болгон сүйүүбүз жана жаратман эмгегибиз менен бүткүл дүйнөгө улут жана мамлекет катары калыптанганыбызды далилдеген Мекенибиз жана элибиз менен сыймыктанабыз.
Жалпы күч-аракетибиз, күнүмдүк талыкпаган эмгегибиз менен гана Кыргызстандын улуттук байлыгын арттырууга, гүлдөп-өсүшүнө, ошону менен бирге мамлекеттик көз карандысыздыкты бекемдөөгө колубуздан келген салымыбызды кошо алабыз.
Биздин көз карандысыз Мекенибиз өнүксүн жана биздин аракеттерибиз өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн гана кызмат кылсын. Урматтуу кесиптештер, сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө ачык асман, бекем ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана узун өмүр каалайм!
Дагы бир ирет майрамыңыздар менен, Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы
Болотбек Акматов