KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Шералы Камчыбеков кыргызстандыктарды Жаңы 2023-жылы менен куттуктады

30 декабря 2022

Урматтуу кыргызстандыктар!


Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Эски жылды узатып жатып, анын кубанычтуу жана кайгылуу учурларын эстейбиз жана келе жаткан Жаңы жыл ар бирибиз жана бүтүндөй өлкө үчүн жакшы жана бактылуу болот деп үмүттөнөбүз.


Жаңы жылы эң чоң үмүттөрүңүз ишке ашып, бардык ак ниет иштериңизге ийгиликтерди, чыгармачылык дем, жемиштүү жыйынтыктарды алып келсин!


Келе жаткан жаңы жыл кыргыз элине ден-соолук, тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү тартуулап, Кыргызстан дүйнөдөгү өнүккөн жана укуктук өлкөлөрдүн катарына кошулушуна тилектешмин. Ал үчүн ар бирибиз өз эмгегибиз менен Мекенибиздин өсүп-өнүгүшүнө салым кошушубуз абзел. Келе жаткан жыл элибиздин ынтыгмагын жана биримдигин бекемдеп, өлкөбүзгө стабилдүүлүк жана бакубатчылык алып келсин!


 


Урматтоо менен,


Кыргыз Республикасынын


Сот адилеттиги иштери боюнча


кеңешинин төрагасы


Шералы Камчыбеков