2022-жылдын 19-20-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна мурда жарыяланган конкурстук тандоону өткөрдү.
Жогоруда аталган райондук соттун судьясынын бош кызмат ордуна конкурстук тандоого болгону 7 талапкер катышты. Башында конкурстук тандоого катышууга 16 адам документтерди тапшырган. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 4 талапкер босоголук баллгдан өтпөй калышкан, 4 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлигин чакыртып алышты жана 1 талапкер келген жок. 7 талапкер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарып, талапкердин кесиптик жана эрктүү сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүүдөн өтүштү. Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 5 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босоголук баллды албай калышты.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 6-пунктуна ылайык босоголук баллды албай калган талапкерлер судьялардын бош кызмат орундарына башка конкурстук тандоолорго бир жылдан кем эмес мөөнөттөн кийин гана катышууга укуктуу.
Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-tonskogo-rajonnogo-suda-issyk-kulskoj-oblasti-2