KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү башталды

05 июня 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мурда жарыяланган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоого тестирлөөнү баштады.


Жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүсү боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт.


Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык компьютердик тестирлөөдөн өтөт:


— Судья кызматына биринчи жолу талапкер болгон адамдар;


— Судьялык иш стажы бар бирок Конкурска катышууга арыз берүү менен адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуу мөөнөтү он жылдан ашкан адамдар;


Компьютердик тестирлөөдөн төмөнкүлөр өтүшпөйт:


— Экзамен тапшыргандыгы жөнүндө сертификат алган (компьютердик тестирлөөдөн өткөндүгү тууралуу) адамдар жана конкурска катышууга арыз берген учурда анын жарактуулук мөөнөтү бүтө элек болсо.