KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт

11 августа 2023

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо жарыялайт


Бишкек шаары боюнча:


— Бишкек шаардык сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


— Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


 


Ош облусу боюнча:


— Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


 


Жалал-Абад облусу боюнча:


— Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


— Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


 


Баткен облусу боюнча:


— Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


 


Ысык-Көл облусу боюнча:


— Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


— Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


 


Нарын облусу боюнча:


— Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;


 


Конкурска катышуу үчүн арыз талапкер тарабынан кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке берилиши керек.


Арыздарды жана документтерди кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгы 14 жумушчу күндүн ичинде 2023-жылдын 11-августунан 30-августуна чейин, саат 09:00дөн 17:00гө чейин (түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин) Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 0-кабат дарегинде жүргүзөт.


Кошумча маалыматты (0558) 88-72-34 жана (0312) 31-30-22 телефондору аркылуу, ошондой эле төмөнкү сайттан алууга болот: www.otbor.sot.kg


Арызга төмөнкү документтер тиркелет:


1) паспорттун көчүрмөсү;


2) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана ЖОЖдон архивдик маалымкат;


3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесип боюнча иш стажынын бар экендигин тастыктаган башка документтер;


4) конкурска катышуу алдында алты ай ичинде берилген ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду (ЖСТТ 086 формасындагы маалымдама); РПЗ жана РБН менен маалымдамалар.


5) талапкердин инсандыгын, сыйлыктарын мүнөздөөчү мүнөздөмө, пикирлер, сунуштар;


6) 3х4 өлчөмүндөгү бир сүрөт ;


7) 2022-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясы;


8) арызга тиркелген документтердин тизмеси;


9) байлоочу папка (скоросшиватель)


Көрсөтүлгөн тизмеге ылайык арызды жана документтерди берүүдө бардык талапкерлер «Судьянын кызмат ордуна талапкердин анкетасын» жана талапкердин жеке маалыматтарды алууга макулдугун Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин катчылыгында Кыргыз Республикачынын Юстиция министирлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө) толтурушат. (үлгүнү расмий сайттан карасаңыз болот).

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына коюлуучу талаптар:


1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы;


2) жашы — 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес;


3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими;


4) юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар.


Конкурстук тандоого талапкерлерди киргизүү жөнүндө маселе каралганга чейин, конкурска катышууга арыз берген талапкерлер Кенеш тарабынан мамлекеттик органдардан суратылып алынган маалыматтар менен таанышууга укуктуу.