KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өтүштү

07 июня 2024

2024-жылдын 5— июнунан 7-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мурда жарыяланган сынактык тандоого тестирлөө өткөрдү.


Жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүштү.


Компьютердик тестирлөөдөн өткөн 120 талапкердин ичинен тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 31 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүштү.


Босого балл алган адамдарга Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечиминин негизинде экзамен тапшыргандыгы жөнүндө сертификат берилет, анда топтолгон баллдын саны көрсөтүлөт. Компьютердик тестирлөөдөн өткөндүгү жөнүндө сертификат эки жылга жарактуу.


Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын 20 бош кызмат ордуна 230дан ашык талапкер документтерин тапшырган.