KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өтүштү

26 декабря 2022

2022-жылдын 21-23-декабрында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мурда жарыяланган сынактык тандоого тестирлөө өткөрдү.


Жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына талапкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүштү.


Компьютердик тестирлөөдөн өткөн 186 талапкердин ичинен тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 36 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүп, 13 талапкер конкурстук тандоого катышуудан өз талапкерлерин чакыртып алып, 42 талапкер келбей калган.


Босого балл алган адамдарга кеңештин чечиминин негизинде экзамен тапшыргандыгы жөнүндө сертификат берилет, анда топтолгон баллдын саны көрсөтүлөт. Компьютердик тестирлөөдөн өткөндүгү жөнүндө сертификат эки жылга жарактуу.


Белгилей кетсек, буга чейин сынактык тандоого катышууга 391 талапкер документтерин тапшырган.