KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Судьялардын кызмат ордуна талапкерлер бир гана бош орун боюнча тестирлөөдөн өтүшөт

16 февраля 2024

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2024-жылдын 19-январындагы чечими менен «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө»Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.


Тактап айтканда: 33-пункту «Бир эле учурда бир нече бош орунга конкурстук тандоо жарыяланганда талапкер бир гана бош орун боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө укуктуу»деген абзац менен толукталды.


Жогорудагы Жобо менен таанышуу үчүн төмөнкү шилтемеге кирсеңиздер болот: http://otbor.sot.kg/post/polozhenie-o-poryadke-provedeniya-konkursnogo-otbora-s-pretendentami-na-dolzhnost-sudi-kyrgyzskoj-respubliki