KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы шайланды

27 июня 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 27-июнунда, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин жыйыны болуп, анда Сот адилеттиги боюнча кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары шайланды.


«Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кеңештин төрагасы жана анын орун басары Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен жашыруун добуш берүү менен бир жылдык мөөнөткө шайланат. Мында Кеңештин Төрагасы судьялардын ичинен шайланат. Президенттен жана Жогорку Кеңештен Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин төрагасынын орун басары боло алышпайт.


Белгилей кетсек, 2023-жылдын 26-июнунда Кеңештин төрагалыгына Болотбек Акматов, анын орун басары болуп Элмира Барыктабасова бир жылдык мөөнөткө шайланган.


Кеңештин мүчөлөрү төрагалыкка Элмира Барыктабасованын жана төраганын орун басарлыгына Болотбек Акматовдун талапкерлигин көрсөтүштү.


Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча кеңештин мүчөлөрү бир добуштан Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин төрагасы болуп Барыктабасова Эльмира Бектургановна , төраганын орун басары болуп Акматов Болотбек Джусупбекович шайланышты.


Элмира Барыктабасова Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы, ал эми Болотбек Акматов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп эмгектенип келишет.


Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамга ылайык Кеңеш анын курамынын үчтөн экисинен кем эмесин түзгөн судьялардын ичинен түзүлөт, үчтөн бирин Президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү түзөт жана он эки мүчөдөн турат.