KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы шайланды

26 июня 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин жыйыны болуп, анда Сот адилеттиги боюнча кеңешинин төрагасы жана төраганын орун басары шайланды.


Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кеңеш Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен жашыруун добуш берүү менен Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын бир жылдык мөөнөткө шайлайт. Мында Кеңештин Төрагасы судьялардын ичинен шайланат. Президенттен жана Жогорку Кеңештен Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин төрагасынын орун басары боло алышпайт.


Белгилей кетсек, 2022-жылдын 23-июнунда Кеңештин төрагасы болуп Шералы Камчыбеков, анын орун басары болуп Аида Сейдакматова бир жылдык мөөнөткө шайланган.


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-мартындагы Жарлыгы менен Камчыбеков Шералы Равшанбекович беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары болуп дайындалгандыктан Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсү жана төрагасы катары ыйгарым укуктары токтотулган.


Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен курамында: Марат Акбердиев, Дамира Сагынбекова жана Бакыт Кыдыралиева эсептөө комиссиясын шайлашты.


Кеңештин мүчөсү Аида Сейдакматова төрагалыкка Болотбек Акматовдун жана төраганын орун басарлыгына Эльмира Барыктабасованын талапкерлигин көрсөттү.


Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча кеңештин мүчөлөрү тарабынан бир добуштан Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин төрагасы болуп Акматов Болотбек Джусупбекович, төраганын орун басары болуп Барыктабасова Эльмира Бектургановна шайланышты.


Болотбек Акматов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, ал эми Элмира Барыктабасов Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы болуп эмгектенип келишет.


Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамга ылайык Кеңеш анын курамынын үчтөн экисинен кем эмесин түзгөн судьялардын ичинен түзүлөт, үчтөн бирин Президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү түзөт жана он эки мүчөдөн турат.