KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрү өнөктөш уюмдар менен жолугушту

19 июля 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 19-июлунда, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши төрага Шералы Камчыбековдун жетекчилиги алдында өнөктөш уюмдар менен жолугушту.


Жолугушууга Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөлөрү, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын координатору Жыпара Ракишева жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлү Элнура Кудайбергенова катышышты.


«Аял судьяларынын кыргыз ассоциациясы»  коомдук бирикмеси тарабынан Байкоочу кеңештин  төрагасы Чынара Айдарбекова жана аткаруучу директор Зульфия Турумбекова катышышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин ишин жакшыртуу, сайтты модернизациялоо жана Кеңештин ишинин ачыктыгын жогорулатуу багытында кошумча каржылоону талап кылган артыкчылыктуу маселелер жана долбоорлор талкууланды.


Ошондой эле, тараптар өз ара аракеттенүү үчүн мүмкүн болгон багыттар жөнүндө маселелерди талкуулашып, мындан ары жемиштүү кызматташууга даярдыгын белгилешти.