KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

69 талапкер Бишкек шаардык сотунун судьясынын бош кызмат ордуна конкурстук тандоого катышуу үчүн документтерин тапшырды

13 января 2023

13-декабрь 2022-жылы Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна сынак жарыялаган.


30-жылдын 2022-декабрында документтерди кабыл алуу аяктады.


Конкурстук тандоого катышууга 69 талапкер документтерин тапшырган.


Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 8-пунктуна ылайык курагы 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан ашпаган, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.


Белгилей кетсек, конкурстук тандоо төмөнкү этаптардан турат:



  • компьютердик тестирлөө;

  • жазуу тапшырмасын аткаруу;

  • берилген документтерди баалоо;

  • маанилүү кесиптик жана эрктүү сапаттарды аныктоо үчүн маектешүү.