KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын бош кызмат орундарына сынактык тандоого катышууга 15 талапкер документтерин тапшырды

20 сентября 2022

2022-жылдын 06-сентябрында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын бош кызмат орундарына сынак жарыялаган.


2022-жылдын 19-сентябрында документтерди кабыл алуу аяктаган.


Конкурстук тандоого катышуу үчүн 15 талапкер арыз берген, алардын 11инин судьялык тажрыйбасы бар.


Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-пунктуна ылайык курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Конституциялык соттун судьясы боло алат.


Белгилей кетсек, сынактык тандоо төмөнкү этаптардан турат:


— компьютердик тестирлөө;


— жазуу тапшырмасын аткаруу;


— берилген документтерди баалоо;


— маанилүү кесиптик жана эрктүү сапаттарды аныктоо үчүн маектешүү.


Талапкерлердин тизмеси:http://otbor.sot.kg/post/spisok-kandidatov-na-2-vakantnye-dolzhnosti-sudej-konstitutsionnogo-suda-kyrgyzskoj-respubliki-dannye-iz-ankety