2024-жылдын 23-октябрында, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши мурда жарыяланган Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.
Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан кийин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча
Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер болгон 12 талапкердин ичинен 7 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткаруу) катышышты, Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин документтерди иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 1 талапкер конкурстук тандоого киргизилген эмес, 1 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого баллын алган эмес жана 3 талапкер келген жок
Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 6 талапкер босого баллдан өтүп, ал эми 1 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алган жок.
Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдери боюнча Конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.
Конкурстук тандоонун жыйынтыктары: http://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-tyupskogo-rajonnogo-suda-issyk-kulskoj-oblasti