KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун бир бош судьялык кызмат ордуна конкурстук тандоо аяктады

10 декабря 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 10-декабрында, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши буга чейин жарыяланган  Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоону жыйынтыктады.


Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.


Тоң райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөн 41 талапкердин ичинен 28 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу түрүндөгү тапшырманы аткарууга) чакырылган, алардын ичинен 2 талапкер конкурстук тандоого келген эмес, 12 талапкер өз талапкерлигин чакыртып алган.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 14 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алышты.


Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечими менен конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Тоң райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-tonskogo-rajonnogo-suda-issyk-kulskoj-oblasti