KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Конституциялык соттун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо аяктады

12 марта 2026

2026-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоону өткөрдү.


Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.


Конституциялык соттун судьясынын бир бош кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөн 9 талапкердин ичинен 7 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына киргизилген. Конкурстун жыйынтыгы боюнча 5 гана талапкер керектүү босого баллдан өтүштү.


Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечими менен конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган талапкер Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-konstitutsionnogo-suda-kyrgyzskoj-respubliki