2026-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Чуй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоону өткөрдү.
Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.
Чуй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөн 12 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына киргизилген. Алардын ичинен 3 талапкер өз талапкерликтерин чакыртып алып, конкурска андан ары катышуудан баш тартышкан. Конкурстун жыйынтыгы боюнча 8 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүштү.
Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечими менен конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган талапкер Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.
Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-alamudunskogo-rajonnogo-suda-chujskoj-oblasti-3
