KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Чүй облусунун Административдик сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо аяктады

03 апреля 2026

2026-жылдын 2–3 апрелинде Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Чуй облусунун Административдик сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоону өткөрдү.


Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.


Чуй облусунун Административдик сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөн 13 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына киргизилген. Алардын ичинен 3 талапкер өз талапкерликтерин чакыртып алып, конкурска андан ары катышуудан баш тартышкан. Конкурстун жыйынтыгы боюнча 10 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүштү.


Аңгемелешүүнүн  жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимине ылайык конкурстун жыйынтыгында эң көп балл алган талапкер Кыргыз Республикасынын Президентине Чуй облусунун Административдик сотунун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо үчүн Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-administrativnogo-suda-chujskoj-oblasti