KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Ош облусунун Араван райондук сотунун бир бош судьялык кызмат ордуна сынактык тандоо аяктады

03 декабря 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши буга чейин жарыяланган  Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоону жыйынтыктады.


Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.


Араван райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөн 44 талапкердин ичинен 28 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу түрүндөгү тапшырманы аткарууга) чакырылган, алардын ичинен 1 талапкер конкурстук тандоого келген эмес, 10 талапкер өз талапкерлигин чакыртып алган.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 14 талапкер босого баллдан өтүп, ал эми 3 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алган жок.


Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечими менен конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Араван райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыктары: https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-aravanskogo-rajonnogo-suda-oshskoj-oblasti