Бүгүн, 2026-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Жалал-Абад облусунун, Талас облусунун жана Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун алкагында компьютердик тестирлөө өткөрдү.
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна 14 адам талапкерлигин көрсөткөн. Белгиленген тартипке ылайык, документтерди алдын ала кароонун жыйынтыгы боюнча талаптарга жооп берген 7 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө чакырылган.
7 чакырылган талапкердин ичинен:
- 1 талапкер тестирлөөгө келген жок;
- 3 талапкер тестирлөөдөн өтө алган жок;
- 3 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды.
Талас облусунун Административдик сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна 25 адам талапкерлигин көрсөткөн. Белгиленген тартипке ылайык, документтерди алдын ала кароонун жыйынтыгы боюнча талаптарга жооп берген 9 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө чакырылган.
9 чакырылган талапкердин ичинен:
- 5 талапкер тестирлөөдөн өтө алган жок;
- 4 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды.
Баткен облусунун Баткен райондук сотунун судьяларынын 2 бош кызмат орундарына 55 адам талапкерлигин көрсөткөн. Белгиленген тартипке ылайык, документтерди алдын ала кароонун жыйынтыгы боюнча талаптарга жооп берген 30 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө чакырылган.
30 чакырылган талапкердин ичинен:
- 3 талапкер тестирлөөгө келген жок;
- 11 талапкер тестирлөөдөн өтө алган жок;
- 16 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды.
