Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-июнундагы токтому менен Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин жаңы курамы бекитилди:
• Касымалиев Мукамбет Шадыканович – Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы;
• Асанова Нургуль Молдобековна – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;
• Арстанбаева Дилара Эркиновна – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;
• Молдакунов Айбек Карыбекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;
• Барыктабасова Эльмира Бектургановна – Бишкек шаардык сотунун судьясы;
• Чотонов Санжар Бейшенкулович – Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы;
• Рыскулова Айжан Рыспековна – Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;
• Кадырова Гулназ Кубанычбековна – Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан шайланган.
• Кыдыралиева Бакыт Амантуровна – Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалган.
• Түлөбаев Балбак Зарлыкович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Ынтымак» парламенттик фракциясы тарабынан шайланган;
• Каримов Акыйкат Бакказович – юридикалык коомчулуктан шайланган.
Кеңеш гендердик тең салмактуулукту сактоо менен (бир жыныстагылар 70%дан ашпаган) төмөнкү мүчөлөрдөн турат (КРнын «Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 8-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык):
• Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан шайланган 8 судья;
• Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалган 1 өкүл;
• Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан шайланган 1 депутат;
• Элдик Курултай тарабынан шайланган 1 өкүл;
• Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган юридикалык коомчулуктун 1 өкүлү.
Элдик Курултай Элдик Курултайдын Регламентинде каралган тартипте Кеңештин курамына бир өкүлдү шайлайт.
Юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнүн ичинен талапкерлер Кеңештин курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жарыяланган күнгө карата бирикме катары иш жүзүндө 5 жылдан кем эмес иш алып барган юристтердин коомдук бирикмелеринин уставдык органдары тарабынан шайланат.
Юристтердин коомдук бирикмеси Кеңештин курамына 4 талапкерге чейин көрсөтүүгө укуктуу. Коомдук бирикменин уюштуруу документтерине ылайык жол- жоболоштурулган тиешелүү чечими коомдук бирикменин каттоо алгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү менен бирге Жогорку Кеңешке жиберилет.