KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Баткен жана Чүй облустарынын судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо өткөрүлдү

11 июня 2025

2025-жылдын 10-11-июнунда Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги боюнча кеңеши Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун эки бош кызмат ордуна жана Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.


Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо максатында аңгемелешүү өткөрдү.


Жазуу тапшырмасы талапкерлердин коюлган маселени талдоо көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн аныктоо, ошондой эле документти тариздөөнүн жалпы эрежелерин жана грамматиканын ченемдерин сактоо менен өз тыянактарын жазуу жүзүндө сабаттуу, ырааттуу жана аргументтүү баяндоо максатында жүргүзүлөт.


Аңгемелешүүнүн жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдерине ылайык, конкурстун жыйынтыктары боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун жана Чуй облусунун Жайыл райондук сотунун судьяларынын  кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-dve-vakantnye-dolzhnosti-sudej-kadamzhajskogo-rajonnogo-suda-batkenskoj-oblasti


https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-zhajylskogo-rajonnogo-suda-chujskoj-oblasti