KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Чуй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү

13 июня 2025

2025-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги боюнча кеңеши Чуй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.


Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо максатында аңгемелешүү өткөрдү.


Жазуу тапшырмасы талапкерлердин коюлган маселени талдоо көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн аныктоо, ошондой эле документти тариздөөнүн жалпы эрежелерин жана грамматиканын ченемдерин сактоо менен өз тыянактарын жазуу жүзүндө сабаттуу, ырааттуу жана аргументтүү баяндоо максатында жүргүзүлөт.


Конкурстук тандоого катышуу үчүн арыз берген 14 талапкердин үчөө маектешүүгө чейин өз талапкерлигин чакыртып алган. Калган 11 талапкер менен Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш алардын кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын баалоо максатында аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгында 10 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллды алышты. Бир гана талапкер белгиленген чектен өтө алган жок.


Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимине ылайык, конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Чуй облусунун Ыссык-Ата райондук сотунун судьясынын  кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-issyk-atinskogo-rajonnogo-suda-chujskoj-oblasti