2025-жылдын 6-7-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын 2 бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрдү.
Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан кийин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.
Сынактык тандоого катышууга 18 талапкер документтерин тапшырган, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин документтерин иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча бардык талапкерлер конкурстук тандоого киргизилген, бирок кийинчерээк 5 талапкер өз талапкерлерин сынактык тандоого катышуудан чакыртып алышкан.
Аңгемелешүүгө 13 талапкер катышып, алардын ичинен 12си Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого баллдан өтүп, ал эми бир талапкер керектүү баллдын санын ала алган жок.
Конкурстук тандоонун жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин чечимдери менен эң көп балл алган талапкерлердин материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызмат орундарына шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Соттун судьясы боло алат, эгерде ал төмөнкү талаптарга жооп берсе:
1) Жашы – 40 жаштан кем эмес, 70 жаштан улуу эмес;
2) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими;
3) Юридикалык кесип боюнча 15 жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинде 5 жылдан кем эмес, анын 3 жылы биринчи инстанцияда жана 2 жылы экинчи инстанцияда судьялык стажы бар;
4) Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.