KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши талапкерлерди компьютердик тестирлөөгө киргизүү тууралуу чечим кабыл алды

27 мая 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 27-майында өткөн отурумда Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрү, жергиликтүү соттун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлердин документтерин изилдеп чыгып, аларды компьютердик тестирлөөдөн өткөрүүгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алышты.


Келип түшкөн арыздар менен документтерди кароонун жыйынтыгында тестирлөөгө катышуучулардын тизмеси түзүлдү.

Берилген документтерди иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш 263 талапкерлерди компьютердик тестирлөөгө киргизүү тууралуу чечим кабыл алды.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын 19 бош кызмат ордуна 272 адам талапкер болгон. Алардын ичинен 5и Кеңештин чечими менен тестирлөөгө киргизилген жок, ал эми 3 талапкер өз арызын кайтарып алып, конкурстук тандоого катышуудан баш тартты.


Компьютердик тестирлөө 2025-жылдын 30-майынан 5-июнуна чейин өткөрүлөт.


https://otbor.sot.kg/post/primernyj-kalendarnyj-grafik-kompyuternogo-testirovaniya-na-vakantnye-dolzhnosti-sudej-mestnyh-sudov-kyrgyzskoj-respubliki