Бүгүн, 2024-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесине ылайык Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун,Чүй облусунун Чүй райондук сотунун, Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун жана Кызыл-Кыя шаардык сотунун, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун, Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунун, Ош облусунун Сузак, Өзгөн жана Ноокат райондук сотторунун, Талас облусунун Манас жана Талас райондук сотторунун, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл жана Түп райондук сотторунун судьялары менен аңгемелешүү өткөрдү.
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап жаткан судьялардын арыздарын карап чыгып, талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрөт.
Аңгемелешүүнүн жана ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкерди сунуштоо жөнүндө чечим курактык чегине жеткенге чейин жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечиминин негизинде жогоруда аталган жергиликтүү соттордун судьялары курактык чегине жеткенге чейин судьялык кызматка дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталмакчы.