KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши судьялык кызмат орундарына өткөрүлүүчү конкурска 280ден ашуун талапкерге катышууга уруксат берди

05 марта 2026

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши (мындан ары — Кеңеш) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкер болгон жарандардын арыздарын жана документтерин кароону аяктады. Текшерүүнүн жыйынтыгында конкурстук тандоого катышууга уруксат берилген талапкерлердин тизмеси түзүлдү.


Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна 9 талапкер, ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын эки бош кызмат ордуна 12 жаран талапкерлигин койгон. Сунушталган документтерди кароонун жыйынтыгында бардык талапкерлерге конкурстук тандоого катышууга уруксат берилди.


Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын 13 бош кызмат ордуна 265 адам документ тапшырган. Алдын ала кароонун жыйынтыгында 260 талапкер конкурстук тандоого катышууга уруксат алды. Бир жаран өз талапкерлигин чакыртып алып, конкурска мындан ары катышуудан баш тартты.


Төрт талапкер конкурстук тандоого катышууга уруксат алган жок. Анын ичинде:



  • бир талапкер мурунку конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча белгиленген босого баллды ала алган эмес жана андан бери белгиленген бир жылдык мөөнөт али бүтө элек;

  • бир талапкер документтерди толук көлөмдө тапшырган эмес;

  • дагы эки талапкер кынтыксыздык талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу конкурска катышууга уруксат берилген жок.


Кеңеш конкурстук тандоонун белгиленген жол-жоболоруна ылайык ишин мындан ары да улантат.