Бүгүн, 2025-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши буга чейин жарыяланган Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна сынактык тандоону өткөрдү.
Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.
Өзгөн райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөн 19 талапкердин ичинен 11 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына (жазуу түрүндөгү тапшырманы аткарууга) чакырылган. Алардын ичинен 1 талапкер конкурстук тандоого келген эмес, ал эми 3 талапкер өз талапкерлигин чакыртып алган. Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 7 талапкер Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алышты.
Аңгемелешүүнүн натыйжалары жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечими менен конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган талапкер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Өзгөн райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.
Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-uzgenskogo-rajonnogo-suda-oshskoj-oblasti
