KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун, Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун бош кызмат орундарына конкурстук тандоо өткөрүлдү

20 июня 2025

2025-жылдын 17-18-июнунда Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун, Токмок шаардык сотунун жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо өткөрдү.


Конкурстук тандоо алкагында талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырма аткарышты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын судьясынын кызматына конкурстук тандоо жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык алардын кесиптик жана эрктүү сапаттарын баалоо максатында аңгемелешүүдөн өтүштү.


Жазуу жүзүндөгү тапшырма укуктук кырдаалдарды талдоо жана документтерди тариздөө талаптарын сактоо менен тыянактарды ырааттуу, жүйөлүү жана сабаттуу баяндоо жөндөмүн аныктоого багытталган.


Аңгемелешүүнүн  жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимдерине ылайык конкурстун жыйынтыгында эң көп балл алган талапкерлерлер Кыргыз Республикасынын Президентине Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун, Токмок шаардык сотунун жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан сунушталат.


https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-tokmokskogo-gorodskogo-suda-chujskoj-oblasti-2


https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-suzakskogo-rajonnogo-suda-dzhalal-abadskoj-oblasti-2


https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-issyk-kulskogo-rajonnogo-suda-chujskoj-oblasti