Бүгун, 2026-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Чуй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоону өткөрдү.
Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.
Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөн тогуз талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына киргизилген. Алардын ичинен эки талапкер конкурстук тандоого келген жок.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча алты талапкер босого баллдан өтүп, ал эми бир талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алган жок.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимине ылайык конкурстун жыйынтыгында эң көп балл алган талапкер Кыргыз Республикасынын Президентине Чуй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо үчүн Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан сунушталат.
Конкурстук тандоонун жыйынтыктары: https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-sokulukskogo-rajonnogo-suda-chujskoj-oblasti-2
