KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Ош облусунун жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө өткөрүлдү

17 марта 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Ош облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун алкагында компьютердик тестирлөө өткөрдү.


Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна 28 адам талапкерлигин көрсөткөн. Белгиленген тартипке ылайык, документтерди алдын ала кароонун жыйынтыгы боюнча талаптарга жооп берген 15 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө чакырылган.


15 чакырылган талапкердин ичинен:



  • 1 талапкер тестирлөөгө келген жок;

  • 5 талапкер тестирлөөдөн өтө алган жок;

  • 9 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды.


Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьяларынын 2 бош кызмат ордуна 17 адам талапкерлигин көрсөткөн. Белгиленген тартипке ылайык, документтерди алдын ала кароонун жыйынтыгы боюнча талаптарга жооп берген 8 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө чакырылган.


8 чакырылган талапкердин ичинен:



  • 1 талапкер тестирлөөгө келген жок;

  • 4 талапкер тестирлөөдөн өтө алган жок;

  • 3 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды.


Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясынын 2 бош кызмат ордуна 50 адам талапкерлигин көрсөткөн. Белгиленген тартипке ылайык, документтерди алдын ала кароонун жыйынтыгы боюнча талаптарга жооп берген 25 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө чакырылган.


25 чакырылган талапкердин ичинен:



  • 2 талапкер тестирлөөгө келген жок;

  • 12 талапкер тестирлөөдөн өтө алган жок;

  • 11 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды.