KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын эки бош кызмат орундарына конкурстук тандоо өткөрүлдү

13 марта 2026

2026-жылдын 12–13-мартында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын эки бош кызмат орундарына конкурстук тандоону өткөрдү.


Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.


Жогорку соттун судьяларынын эки бош кызмат орундарына талапкерлигин көрсөткөн 12 талапкердин бардыгы конкурстук тандоонун экинчи этабына киргизилген. Конкурстук тандоо башталганга чейин талапкерлердин бири өз талапкерлигин кайтарып алып, андан ары конкурска катышуудан баш тарткан.


Конкурстун жыйынтыгы боюнча 11 талапкер керектүү босого баллдан өтүштү.


Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечими менен конкурстун жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган 2 талапкер Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталат.


Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-dve-vakantnye-dolzhnosti-sudej-verhovnogo-suda-kyrgyzskoj-respubliki-2