Бүгүн, 2026-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ( мындан ары – Кеңеш) мүчөлөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу сот тутумунун негизги институттарынын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого, судьяларды тандоонун жаңы механизмдерин киргизүү, конкурстук жол-жоболорду санариптештирүү жана биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат ордуна талапкерлердин резервин түзүү маселелерин талкуулоого арналды.
Медербек Сатыев жолугушуунун жүрүшүндө Кеңештин жаңы шайланган мүчөлөрүн куттуктап, алардын кесиптик тажрыйбасы жана көз карандысыз позициясы Кеңештин ишине олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди. Ошондой эле Кеңештин төрагасынын орун басары кызматына шайланган Мукамбет Касымалиевди куттуктап, анын башкаруучулук тажрыйбасы судьяларды тандоонун жаңыланган моделин ишке киргизүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин төрагасы Айбек Молдакунов 2025-жылы жергиликтүү соттордогу 24 судьялык бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүлгөнүн маалымдады. Анын ичинен 19 бош судьялык кызмат орду боюнча тандоо Кеңештин мурунку курамы тарабынан өткөрүлүп, Президентке сунушталганын, ал эми калган 5 бош судьялык кызмат орду боюнча конкурстук тандоо жаңы шайланган Кеңештин курамы тарабынан жүргүзүлүп, тиешелүү сунуштар берилгенин билдирди.
Мындан тышкары, 2025-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 1, Жогорку соттун 2 жана жергиликтүү соттордун 13 судьялык бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жарыялангандыгы маалымдалды. Ошондой эле 2025-жылы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап калган жергиликтүү соттордун 31 судьясы менен маектешүүлөр өткөрүлүп, алардын жыйынтыгы боюнча Президентке сунуштар берилген жана 2026-жылы жергиликтүү соттордун 9 судьясы менен маектешүүлөр өткөрүлгөнүн билдирди.
Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев өз сөзүндө судьяларды конкурстук тандоодо коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган жаңы мыйзам кабыл алынганын белгилеп, ал адам факторунун таасирин төмөндөтүп, тандоо процессин ачык-айкын жана санариптештирилген негизде жүргүзүүгө шарт түзөрүн айтты. Ошондой эле ал биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат ордуна талапкерлердин резервин түзүүдө сот бийлигинин кесиптик мураскерлигин жана бирдиктүү стандарттарын камсыз кылуучу стратегиялык институт катары калыптандыруу зарылдыгын белгиледи.
Жолугушууда санариптештирүү сот тутумунда объективдүүлүктү, тең мүмкүнчүлүктөрдү жана коомдук ишенимди бекемдөөнүн маанилүү куралы экени баса көрсөтүлдү. Ошондой эле мамлекет тарабынан судьялардын макамын жогорулатууга багытталган ырааттуу саясат жүргүзүлүп жаткан шартта, судьялык кызматка коюлуучу талаптар жогорку кесиптик жана адеп-ахлактык стандарттарга жооп бериши керектиги белгиленди.
Жыйынтыгында Жогорку соттун Төрагасы Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш сот тутумунун келечектеги сапатын аныктаган негизги институционалдык орган экенин белгилеп, Жогорку сот Кеңеш менен мындан ары да тыгыз жана конструктивдүү кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.
https://www.youtube.com/watch?v=kyl2dY7Xqts
