2024-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш-чарага Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев жана Нургул Бакирова, Жогорку соттун аппарат жетекчиси Сулайман Мыкыев жана төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө судьяларды тандоо процедурасы жөнүндө мыйзамдарды өзгөртүү боюнча маселелер талкууланды.