2026-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши буга чейин жарыяланган Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун алкагында компьютердик тестирлөө өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна 9 адам талапкерлигин көрсөткөн. Белгиленген тартипке ылайык, документтерди алдын ала кароонун жыйынтыгы боюнча талаптарга жооп берген 6 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө чакырылган.
6 чакырылган талапкердин ичинен:
- 1 талапкер тестирлөөгө келген жок;
- 1 талапкер тестирлөөдөн өтө алган жок;
- 4 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды.
Ал эми Жогорку сотунун эки бош кызмат ордуна 12 жаран талапкерлигин көрсөткөн. Белгиленген тартипке ылайык, документтерди алдын ала кароонун жыйынтыгы боюнча талаптарга жооп берген 1 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө чакырылып, аны ийгиликтүү тапшырды.
Эскерте кетсек, 2026-жылдын 16-18-мартында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан буга чейин жарыяланган жергиликтүү соттордун судьяларынын 13 бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун алкагында компьютердик тестирлөө өткөрүлөт.
