Бүгүн, 2025-жылдын 20-ноябрында Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун 1 бош судьялык кызмат ордун ээлөө боюнча буга чейин жарыяланган сынактын алкагында талапкерлерди компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.
Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна 19 адам талапкерлигин көрсөткөн. Белгиленген жол-жоболорго ылайык, документтери конкурстук тандоонун талаптарына ылайык келген 10 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө киргизилген.
Келгендердин санынын жана тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталды:
- 7 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого баллын алган эмес;
- 3 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды.
