Бүгүн, 2025-жылдын 20-ноябрында Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун 1 бош судьялык кызмат ордун ээлөө боюнча буга чейин жарыяланган сынактын алкагында талапкерлерди компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун 1 бош судьялык кызмат ордун ээлөө үчүн 41 арыз берилген. Белгиленген жол-жоболорго ылайык, документтери конкурстук тандоонун талаптарына ылайык келген 20 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө киргизилген.
Келгендердин санынын жана тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр аныкталды:
- 1 талапкер тестирлөөгө келген эмес;
- 10 талапкер компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча босого баллын алган эмес;
- 9 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды.
