Бүгүн, 2026-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун алкагында компьютердик тестирлөөнү өткөрүүгө киришти.
Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна 19 адам талапкерлигин көрсөткөн. Белгиленген тартипке ылайык, документтерди алдын ала кароонун жыйынтыгы боюнча талаптарга жооп берген 12 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө чакырылган.
12 чакырылган талапкердин ичинен:
- 1 талапкер тестирлөөгө келген жок;
- 4 талапкер тестирлөөдөн өтө алган жок;
- 7 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды.
Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна 27 адам талапкерлигин көрсөткөн. Белгиленген тартипке ылайык, документтерди алдын ала кароонун жыйынтыгы боюнча талаптарга жооп берген 16 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө чакырылган.
16 чакырылган талапкердин ичинен:
- 7 талапкер тестирлөөдөн өтө алган жок;
- 9 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды.
Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна 13 адам талапкерлигин көрсөткөн. Белгиленген тартипке ылайык, документтерди алдын ала кароонун жыйынтыгы боюнча талаптарга жооп берген 8 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө чакырылган.
8 чакырылган талапкердин ичинен:
- 5 талапкер тестирлөөдөн өтө алган жок;
- 3 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды.
Чүй облусунун Административдик сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна 17 адам талапкерлигин көрсөткөн. Белгиленген тартипке ылайык, документтерди алдын ала кароонун жыйынтыгы боюнча талаптарга жооп берген 8 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө чакырылган.
8 чакырылган талапкердин ичинен:
- 3 талапкер тестирлөөдөн өтө алган жок;
- 5 талапкер компьютердик тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырды.
