Бүгүн, 23-сентябрь — Кыргызстандын мамлекеттик тил күнүнө 36 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген.
Мамлекеттик тил — бул улуттун маданий мурасы, мамлекеттик башкаруунун жана коомдук турмуштун негизи болуп саналат. Кыргыз тили — кыргыз элинин руханий байлыгы, улуттук дөөлөтү жана келечек муундарга өткөрүлүп берилчү аманаты. Ар бир жаран эне тилин сүйүүгө, аны өнүктүрүүгө жана күнүмдүк турмушта колдонууга татыктуу мамиле кылууга милдеттүү.
Тилди сактоо — улутту сактоо. Эне тилибиздин өнүгүшү — мамлекетибиздин өнүгүшүнүн башаты.