Бүгүн, 2026-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин (мындан ары — Кеңеш) кезектеги жыйынында Кеңештин төрагасынын орун басары Барыктабасова Эльмира Бектургановнанын ыйгарым укуктарынын токтотулгандыгына байланыштуу Кеңештин төрагасынын жаңы орун басарын шайлоо маселеси каралды. Ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 25-пунктуна ылайык — анын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматына конкурстук тандоого катышуу үчүн арыз бергендигине байланыштуу токтотулду.
Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен төмөнкү курамда эсептөө комиссиясы шайланды:
- Чотонов С.Б.;
- Рыскулова А.Р.;
- Айдаров А.М.
Кеңештин мүчөлөрү тарабынан Кеңештин төрагасынын орун басары кызматына Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Касымалиев Мукамбет Шадыкановичтин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кеңештин мүчөлөрү бир добуштан Касымалиев Мукамбет Шадыкановичти Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына шайлашты.
Белгилей кетсек, буга чейин, 2026-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин үч мүчөсүн бекитүү боюнча добуш берүү өткөргөн.
Жогорку Кеңештин өкүлү катары Кеңешке депутат Эргешов Бекмурза Аскарбаевич шайланды.
Ошондой эле төмөнкү талапкерлер бекитилди:
- Чыныбаев Улукбек Садырбекович — Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан көрсөтүлгөн талапкер;
- Айдаров Алмаз Мендебаевич — Элдик Курултай тарабынан көрсөтүлгөн талапкер.
