2024-жылдын 14-октябрында «Калпты полиграфсыз аныктоо» темасында презентация болуп өттү.
Тренингге Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрү жана Кеңештин катчылыгы катышышты.
Аталган тренинг катышуучуларды баарлашууда калпты таанып-билүү, психотиптерди, алардын күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо, ар кандай жагдайларда, контекстте маектешинин жүрүм-турумун алдын ала билүү боюнча окутуу максатында өткөрүлдү.
Семинар суроо-жооп форматында улантылды.
Иш-чаранын соңунда тренер Арсланбек Камчыбеков бардык катышуучуларга кол жазмасынын стили жана сырткы келбети боюнча мүнөздөмө берди.