Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жарыялайт
Ош облусу боюнча:
— Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясынын 2 бош кызмат ордуна;
— Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;
— Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;
Ысык-Көл облусу боюнча:
— Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна;
Конкурска катышуу үчүн арыз талапкер тарабынан кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 18 календардык күндүн ичинде Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине берилиши керек. Арыздарды жана документтерди кабыл алууну Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгы 18 календардык күндүн ичинде 2025-жылдын 3-октябрынан 20-октябрына чейин, саат 08:30дан 17:30га чейин (түшкү тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин) Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү, 15, 1-кабат дарегинде жүргүзөт.
Кошумча маалыматты (0558) 58-01-57 жана (0312) 31-30-22 телефондору аркылуу, ошондой эле төмөнкү сайттан алууга болот: www.otbor.sot.kg
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) паспорттун көчүрмөсү – 2 даана;
2) жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана жогорку окуу жайынан архивдик маалымкаттын көчүрмөсү;
3) эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштөө стажын тастыктаган башка документтер;
4) сынакка катышуу күнүнө чейин алты айдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык документи (№086-1/у үлгүсүндөгү, РНБ, РПДБ тактамалар);
5) мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын сертификатынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
6) талапкердин жана анын жакын туугандарынын соттуулугу жоктугу, же талапкердин жакын туугандарынын соттуулугунун мыйзамда белгиленген тартипте жоюлгандыгы жөнүндө маалымкат;
Эскертүү: жакын туугандарга: ата-энелер, балдар, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ага-инилер жана эже-сиңдилер кирет.
7) талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар, сыйлыктар;
8) 3х4 өлчөмдөгү фотосүрөт – 1 даана;
9) 2024-жылдагы бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү;
10) калыптык нускама – 2 даана;
11) арызга тиркелген документтердин тизмеси;
12) тиркеме папка.
Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин секретариатына келип, «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча агенттигинен талапкерге катталган (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жөнүндө) маалымат алууга макулдугу жөнүндө арыздын бланкын толтурушат (үлгүсүн расмий сайттан алса болот).
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына коюлуучу талаптар:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
2) жашы – 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес;
3) «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы бар болсо, «магистр» академиялык даражасын ыйгаруу менен «Юриспруденция» даярдык багыты боюнча жогорку билими;
4) юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар.
Конкурстук тандоого талапкерлерди киргизүү жөнүндө маселе каралганга чейин, конкурска катышууга арыз берген талапкерлер Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин тарабынан мамлекеттик органдардан суратылып алынган маалыматтар менен таанышууга укуктуу.
Толугураак маалымат Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин https://otbor.sot.kg/ , расмий сайтындагы Жарыялар бөлүмүндө жайгаштырылган.
03 октября 2025