KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефону +996 (312) 31-30-22 Бишкек ш., Табышалиева к. 15

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин үч жаңы мүчөсүн бекитти

29 января 2026

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин (мындан ары — Кеңеш) 2025-жылдын 29-декабрындагы чечими менен «Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 25-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматына конкурстук тандоого катышуу үчүн арыз бергендигине байланыштуу Кеңештин төрагасынын орун басары Барыктабасова Эльмира Бектургановнанын ыйгарым укуктары токтотулган.


Кеңештин кийинки чечими менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы кызматына конкурстук тандоого катышууга арыз бергендигине байланыштуу Кеңештин мүчөсү Кыдыралиева Бакыт Амантуровнанын ыйгарым укуктары да токтотулган.


2026-жылдын 29-январында Кеңештин жогоруда аталган мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтогондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кеңештин үч мүчөсүн бекитүү боюнча добуш берүү өткөрдү.


Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутат Эргешов Бекмурза Аскарбаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине өкүлү болуп шайланды.


Мындан тышкары төмөнкү талапкерлер бекитилген:



  • Чыныбаев Улукбек Садырбекович — Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан көрсөтүлгөн талапкер;

  • Айдаров Алмаз Мендебаевич — Элдик Курултай тарабынан көрсөтүлгөн талапкер.