Бүгүн, 2026-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутаттар Бишкек шаардык сотунун судьясы Урмат Маматкеримовдун кандидатурасын Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсү катары бекитишти.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасы Айбек Молдакунов жана Бишкек шаардык сотунун судьясы Урмат Маматкеримов катышты.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьясы Урмат Маматкеримовдун талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсү катары бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштаган.
