2026-жылдын 14–15 майында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Талас облусунун Административдик сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна конкурстук тандоону өткөрдү.
Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкерлердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.
Талас облусунун Административдик сотунун судьясынын бир бош кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөн 20 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына киргизилген. Алардын ичинен 2 талапкер конкурстук тандоого келген эмес, 4 талапкер өз талапкерликтерин чакыртып алып, конкурска андан ары катышуудан баш тартышкан.
Конкурстун жыйынтыгы боюнча 13 талапкер босого баллдан өтүп, ал эми 1 талапкер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген босого балл алган жок.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечимине ылайык конкурстун жыйынтыгында эң көп балл алган талапкер Кыргыз Республикасынын Президентине Талас облусунун Административдик сотунун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо үчүн Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан сунушталат.
Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-odnu-vakantnuyu-dolzhnost-sudi-administrativnogo-suda-talasskoj-oblasti
