Бүгүн, 2026-жылдын 29-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясынын эки бош кызмат орундарына конкурстук тандоону жыйынтыктады.
Талапкерлер конкреттүү кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырманы аткарышты. Андан соң, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык талапкердин кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүү өткөрдү.
Өзгөн райондук сотунун судьясынын эки бош кызмат орундарына талапкер болгон 50 катышуучунун ичинен 38 талапкер конкурстук тандоонун экинчи этабына киргизилген, алардын ичинен 9 талапкер конкурстук тандоого келген эмес, 4 талапкер өз талапкерлигин чакыртып алган.
Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 25 талапкер керектүү босого баллдан өттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин чечими менен Шаршеев Эрмек Муслимовичтин жана Абдыкалыкова Гульзира Расуловнанын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Президентине Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун эки бош судьялык рткызмат орундарына дайындоо үчүн сунушталат.
Конкурстук тандоонун жыйынтыгы: https://otbor.sot.kg/post/itogi-konkursnogo-otbora-na-dve-vakantnye-dolzhnosti-sudej-uzgenskogo-rajonnogo-suda-oshskoj-oblasti
