Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши техникалык каталар жоюлгандан кийин Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат орундарына талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө боюнча суроолор кайрадан жайгаштырылгандыгын маалымдайт.
Жарыяланган тесттик тапшырмалар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку сотунун судьялык кызмат орундарына талапкерлерди, ошондой эле биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат орундарына талапкерлердин резервине киргизүүгө талапкер болгон адамдарды компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү үчүн арналган.
